> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Жалал-Абад облусундагы жолдун курулуштары текшерилди
- URL: https://im.kg/transport/2026/06/05/zhalal-abad-oblusundagy-zholdun-kurulushtary-teksherildi/
- Published: 2026-06-05T03:34:03.000Z
- Updated: 2026-06-05T03:34:02.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Транспорт

**4-июнда Талантбек Солтобаев Жалал-Абад облусуна иш сапары менен барып, бир катар жол курулуш иштеринин жүрүшү менен жеринде таанышты. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигнинин басма сөз кызматы билдирди.**

Маалыматка ылайык, Барпы–Сафаровка жолунда 25 чакырымдын ичинен 5 чакырымы асфальттоого даярдалып, калган бөлүгүндө жерди түздө иштери жүрүп жатат. Министр иштин сапатына көңүл буруп, кемчиликтер боюнча подрядчыга эскертүү берди.

> *Андан соң Манас–Багыш жолунда казуу иштери 90%га аяктап, жакынкы күндөрү шагыл төшөө баскычына өтүү пландалууда.*

> *№22 жол тейлөө мекемесинин абалы да каралып, инфраструктураны жакшыртуу боюнча иштер талкууланды.*

Манас–Благовещенка жолунда учурда жер иштери жана шагыл төшөө иштери жүрүүдө. Бул долбоор ишке ашса, шаар ичиндеги тыгындарды азайтууга өбөлгө түзөт.