> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Балыкчы – Каракол жолунда асфальт басуу иштери жигердүү жүрүүдө
- URL: https://im.kg/transport/2026/06/08/balykchy-karakol-zholunda-asfalt-basuu-ishteri-zhigerduu-zhuruudo/
- Published: 2026-06-08T11:13:47.000Z
- Updated: 2026-06-08T11:13:47.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Транспорт

**Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол унаа жолунун 126,0 – 134,0 чакырым аралыгында оңдоп-түзөө иштери активдүү жүрүүдө.**

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынын маалыматына караганда, жолдун оң тарабындагы 126-134-чакырымга чейинки тилкеде биринчи катмардагы асфальт-бетон төшөө иштери толук аяктады. 

Сол тарабында 126-127+500-чакырымга чейинки аралыкка асфальт төшөлдү. Мындан сырткары, 126-131-чакырымга чейинки бөлүктө жолдун негизин даярдоо иштери аткарылып, учурда праймкодго даярдык көрүлүүдө.

> *Долбоордун алкагында жолдун инженердик курулмаларын куруу иштери да параллелдүү жүрүүдө. Тактап айтканда, 140+224-чакырымында (Каракол багыты боюнча №2 участокто) оң жана сол тараптагы арматураланган темир-бетон тирөөч дубалдарын бетондоо иштери бүттү.*

Учурда аталган тилкеде тирөөч курулмаларынын негизги бөлүгүн бетондоо, 135+275-чакырымында оң тарапка арматураланган темир-бетон тирөөч дубалдарын бетондоо иштери жүрүүдө.