> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бир жума ичинде 25 миңге жакын жол эрежесин бузуу аныкталды
- URL: https://im.kg/transport/2026/06/08/olkodo-bir-zhuma-ichinde-25-minge-zhakyn-zhol-erezhesin-buzuu-kattaldy/
- Published: 2026-06-08T08:33:45.000Z
- Updated: 2026-06-08T08:33:44.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Транспорт

**Кыргызстандын аймагында бир жуманын ичинде 24 миң 985 жол эрежесин бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.**

Маалыматка ылайык, 29-майдан 4-июнга чейинки аралыкта жүргүзүлгөн көзөмөл иш-чараларынын жүрүшүндө ар түрдүү мүнөздөгү жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталган.

Алардын ичинен:

- тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу – 2 539;
- мас абалында унаа башкаруу – 362;
- автоунаалардын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 193;
- жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эрежесин бузуу фактылары – 1 238;
- транспорт каражаттарын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 4 502;
- автоээнбаштык – 52;
- белгиленген ылдамдыкты ашыруу – 2 135;
- жалган мамлекеттик номер менен унаа башкаруу – 6;
- башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 9 267.

> Мындан тышкары, жол кыймылынын эрежелерин бузган 4 миң 691 автоунаа айып короо жайына токтотулган.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы айдоочуларды жол эрежелерин так сактоого жана жол кыймылынын бардык катышуучуларынын коопсуздугуна жоопкерчилик менен мамиле кылууга чакырат.