> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Жалал-Абадда жолдорду кеңейтүү иштери жүрүүдө
- URL: https://im.kg/transport/2026/06/08/zhalal-abadda-zholdordu-keneituu-ishteri-zhuruudo/
- Published: 2026-06-08T13:30:30.000Z
- Updated: 2026-06-08T13:30:29.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Транспорт

**Жалал-Абад облусундагы Кара-Дарыя – Нефти – Пром – Үч-Мазар – Дөш унаа жолун кеңейтүү иштери дээрлик аяктап, учурда шагыл төшөө жумуштары жасалууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.**

Маалыматка ылайык, мурда бул жолдун туурасы болгону 7 метр болуп, тар жана асфальтталбаган жол болгон. Азыр ал 10-12 метрге чейин кеңейтилип, заманбап талаптарга ылайыкталып курулууда. 

> *Жалпысынан 7,25 чакырым аралыкка алгачкы жолу толук асфальт төшөлөт. Учурда министрликтин атайын техникалары тартылып, бардык иштер ырааты менен өз убагында аткарылууда.* 

Долбоор толугу менен ишке ашкандан кийин айылдардын ортосундагы транспорттук каттам жакшырып, калктын жашоо шарты кыйла жеңилдейт.