> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# “Биримдик-Кут” конушуна 2 чакырым кошумча жол курулат
- URL: https://im.kg/transport/2026/06/09/birimdik-kut-konushuna-2-chakyrym-koshumcha-zhol-kurulat/
- Published: 2026-06-09T11:17:42.000Z
- Updated: 2026-06-09T11:17:41.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Транспорт

**Бишкек шаарынан Түндүк айланма жолуна алып чыгуучу Лебединовка - ГЭС-5 унаа жолун оңдоп-түзөө иштери графикке ылайык кызуу жүрүп жатат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.**

Маалыматка ылайык, узундугу 5,1 чакырымды түзгөн бул жолдун бурулуш тилкелеринде суу өткөрүүчү түтүктөрдү куруу иштери толук аяктады. Чоң Чүй каналынан өтүүчү чоң көпүрөнүн жана жөө жүргүнчүлөр өтүүчү көпүрөнүн курулуштары бүттү.

9 см калыңдыкта асфальт-бетондун биринчи катмары төшөлдү. Учурда тротуар куруу, жарыктандыруучу мамылардын пайдубалдарын бетондоо, ошондой эле аялдама аянтчаларын куруу үчүн негизди даярдоо жана бордюрларды орнотуу иштери жүрүүдө. 

> *Лебединовка– ГЭС-5 унаа жолун август ичи бүткөрүү каралган.Мындан тышкары, негизги жолго катар “Биримдик-Кут” жаңы конушуна алып баруучу дагы 2 тилкелүү, узуну 2 чакырым болгон кошумча жол курулат. Ал жолдо бордюрларды, лотокторду орнотуу жана жолдун негизин төшөө иштери жасалып жатат.*

Белгилей кетсек, буга чейин Лебединовка – ГЭС-5 жолундагы көпүрө кеңейтилип жана ага кошумча жөө жүргүнчүлөр үчүн дагы жаңы көпүрө курулуп, колдонууга берилген.