> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кырчын жайлоосуна алып баруучу жол оңдолуп жатат
- URL: https://im.kg/transport/2026/06/09/kyrchyn-zhailoosuna-alyp-baruuchu-zhol-ondolup-zhatat/
- Published: 2026-06-09T04:40:12.000Z
- Updated: 2026-06-09T04:40:11.000Z
- Author: Уулжан Бейшенбекова
- Tags: Транспорт

**Ысык-Көл облусундагы Кырчын жайлоосуна алып баруучу негизги жолдордун бири Григорьевка – Көл–Кашка-Суу унаа жолунда курулуш иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.**

Маалыматка ылайык, учурда Ысык-Көл районундагы Григорьевка – Көл–Кашка-Суу жолунун 14 чакырым тилкесинде жолдун негизин даярдоо жана көпүрө куруу иштери аткарылууда.

> Долбоор мамлекеттик капиталдык салымдардын эсебинен каржыланып, Семёновка – Ак-Суу жолунун 21 чакырымы жана Григорьевка – Көл–Кашка-Суу жолунун 14 чакырымы жаңыланууда. Жалпысынан 34 чакырым жол оңдолот.

Бүгүнкү күнгө чейин 18 чакырым жолго асфальт төшөлүп, калган бөлүктөрүндө жолдун негизин даярдоо жана жасалма курулмаларды куруу иштери уланууда.

Жолдун жаңыланышы туристтердин агымын көбөйтүп, алдыда өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын жогорку деңгээлде өткөрүүгө шарт түзөрү айтылды.