> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстан Европа Биримдигинин авиациялык “кара тизмесинен” чыгарылды
- URL: https://im.kg/transport/2026/06/09/kyrgyzstan-evropa-birimdiginin-aviatsiialyk-kara-tizmesinen-chygaryldy/
- Published: 2026-06-09T03:04:13.000Z
- Updated: 2026-06-09T03:04:13.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Транспорт

**Кыргызстан Европа Биримдигинин учууга тыюу салынган авиакомпаниялардын “кара тизмесинен” расмий түрдө чыгарылды. Бул тууралуу “Манас” аба майданынын басма сөз кызматы билдирди**.

Европа Комиссиясынын чечимине ылайык, Кыргызстанда катталган бардык авиакомпаниялар эми ЕБдин аймагына учууга тыюу салынган ташуучулардын тизмесинде жок.

Кыргызстан бул тизмеге 2006-жылы киргизилген болчу. Өлкө дээрлик 20 жылдан кийин андан чыгууга жетишти.

Маалыматка караганда, мындай чечим жарандык авиацияны реформалоо, учуулардын коопсуздугун күчөтүү жана улуттук авиациялык системаны Эл аралык жарандык авиация уюмунун стандарттарына шайкеш келтирүү боюнча жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында кабыл алынды.

> *Европа Комиссиясы Кыргызстандагы өзгөрүүлөрдү оң баалап, анын ичинде 2026-жылдын март айындагы баалоо сапарынын жыйынтыктарын жана Брюсселде өткөн угууларды өзгөчө белгиледи.*

Европалык тарап жетишилген натыйжаларды сактоо үчүн Кыргызстан менен техникалык кызматташууну улантарын билдирди.