> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкек – Кант –Токмок жолуна асфальттын экинчи катмары төшөлүүдө
- URL: https://im.kg/transport/2026/06/10/bishkek-kant-tokmok-zholuna-asfalttyn-ekinchi-katmary-tosholuudo/
- Published: 2026-06-10T03:02:14.000Z
- Updated: 2026-06-10T03:02:53.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Транспорт

**Бишкек – Кант – Токмок унаа жолуна асфальт басуу уланууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.**

Маалыматка ылайык, учурда аталган унаа жолдо асфальттын экинчи катмарын төшөө иштери кызуу жүрүп, 2 чакырымына асфальт басылып бүттү. 

Аны менен катар Лермонтов көчөсүнөн баштап, Калинин көчөсүн көздөй ортодогу тосмолор орнотулуп жана жарыктандыруу мамычалары дагы коюлуп жатат. 

> *Жеринде жалпысынан 60ка чукул атайын техника жана 150 жумушчу иштеп, иш ыргагы белгиленген график боюнча жүрүүдө.*

> *Ал эми асфальттын жалпы калыңдыгы 15 см болот. Алсак, биринчи катмары 9 см, экинчи катмары 6 см.* 

Бүгүнкү күндө тротуарлардын бир тарабына асфальт басылып, лотокторду орнотуу 70 %аяктады. Суу түтүктөрүн жана көпүрөлөрдү орнотуу 100 пайызга бүттү.