> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Каракол шаарындагы чоң көчөлөрдүн бири оңдолот
- URL: https://im.kg/transport/2026/06/10/karakol-shaaryndagy-chon-kocholordun-biri-ondolot/
- Published: 2026-06-10T03:16:26.000Z
- Updated: 2026-06-10T03:16:26.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Транспорт

**Каракол шаарындагы негизги көчөлөрүнүн бири болгон Алышбаев көчөсүндө капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу Каракол шаардык мэриясынын басма сөз кызматы маалымдаад**ы.

Маалыматка ылайык, долбоордун алкагында Алышбаев көчөсү Карасаев көчөсүнөн баштап Чечерин көчөсүнө чейинки аралыгында узундугу 1 чакырым метр болгон жаңы эки тилкелүү асфальт жол курулат.

> *Мындан тышкары, көчөнүн эки тарабына жөө жүргүнчүлөр үчүн заманбап тротуарлар салынат. Ошондой эле сугат суу арыктары курулуп, көчө толугу менен түнкү жарыктандыруу системасы менен камсыздалат.*

Бул долбоор ишке ашкандан кийин шаар тургундары үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарттар түзүлүп, унаалардын жана жөө жүргүнчүлөрдүн кыймылы кыйла жеңилдейт.