> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Жылуулук режимин сактабаган оор жүк ташуучу унааларга карата рейд өткөрүлдү
- URL: https://im.kg/transport/2026/06/10/zhyluuluk-rezhimin-saktabagan-oor-zhuk-tashuuchu-unaalarga-karata-reid-otkoruldu/
- Published: 2026-06-10T11:43:48.000Z
- Updated: 2026-06-10T11:43:47.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Транспорт

**Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Транспорт департаментинин аймактык башкармалыктарынын мобилдик топтору унаа жолдорунда жылуулук режиминин сакталышы боюнча рейддик иш-чараларды улантууда.**

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынын айтымына караганда, 1-июндан тартып 9-июнга чейин республика боюнча жалпысынан 41 укук бузуу фактысы катталган. 

> *Эрежеге баш ийбегендерге карата 830 миң сом суммасында айып пул салынды. Мыйзам бузгандардын 38и жеке жактар болсо, үчөө юридикалык жактар болуп саналат.* 

> *Ал эми 9-июнда Чүй айланма автоунаа жолунда жүргүзүлгөн текшерүүнүн алкагында 8 укук бузуу фактысы аныкталды.* 

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жүк ташуу менен алектенген тараптарды жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун сакталышын камсыз кылуу жана алардын пайдалануу мөөнөтүн узартуу максатында киргизилген жылуулук режимин так сактоого чакырат.