> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Манас – Багыш жолу курулууда
- URL: https://im.kg/transport/2026/06/11/manas-bagysh-zholu-kuruluuda/
- Published: 2026-06-11T06:40:40.000Z
- Updated: 2026-06-11T06:40:40.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Транспорт

**Манас шаарынан Багыш айылына чейин жаңы унаа жолу салынууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.**

Маалыматка ылайык, учурда асфальт басууга даярдык көрүлүүдө. Жаңы унаа жол мурдагы эски темир жолдун ордуна салынууда. Узундугу – 12.5 чакырымды түзүп, 4-6 тилкелүү болот. 

> *Курулуш иштеринин жүрүшүндө 1-этаптагы маанилүү жумуштар аткарылып бүттү. Тактап айтканда, эски темир жолдун конструкциялары толугу менен бузулуп, аймактан чыгарылды. Адистер тарабынан бардык техникалык талаптар сакталып, иштер өз ыргагында аткарылууда.*

> *Жер казуу иштери жыйынтыкталып, учурда жолдун негизин тегиздөө жана шагыл төшөө процесси жүрүп жатат.* 

Курулуш объектисинде 60 жумушчу жана 53 даана атайын техникалар тынымсыз иштеп жатат. Жолдун сапаты жана курулуштун жүрүшү министрликтин көзөмөлүндө.