> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# “Манас” университетин аралап өтчү жолду ачуу иштери башталды
- URL: https://im.kg/transport/2026/06/11/manas-universitetin-aralap-otchu-zholdu-achuu-ishteri-bashtaldy/
- Published: 2026-06-11T08:57:50.000Z
- Updated: 2026-06-11T08:57:49.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Транспорт

11-июнда Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин аймагын аралап өткөн жолду ачуу иштери башталды. Буга байланыштуу окуу жайдын айланасындагы тосмолор алынып жатат. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевди жолду ачуу ишин саясатташтырбоо керектигин айтты.

> *“2016-жылы ушул университеттин тапшырмасы менен Б.Миңжылкиев жана Анарбек Бакаев көчөсүн көрсөтүшкөн. Тиешелүү документтер даярдалып, чечимдер кабыл алынган. Демек, бул жол башында эле бар эле. 2026-жылы Бишкектин башкы планы иштелип жатканда университет жолго байланыштуу сунуш берген эмес”, - деди ал.*

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Бишкектин 2050-жылга чейинки башкы планынын долбоорун бекитип, мэрия жаңы картаны 11-майда жарыялаган. Бул документте Б.Миңжылкиев көчөсү Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин аймагын кесип өтүп, Ч.Айтматов проспектисине кошулары көрсөтүлгөн. Мындан тышкары, Анарбек Бакаев көчөсү да окуу жайдын аймагына кирип, Тыналиев көчөсүнө кошулат.