> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Түндүк – Түштүк жолу таштардан тазаланууда
- URL: https://im.kg/transport/2026/06/11/tunduk-tushtuk-zholu-tashtardan-tazalanuuda/
- Published: 2026-06-11T06:25:53.000Z
- Updated: 2026-06-11T06:25:52.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Транспорт

**Транспорт инфраструктурасын жакшыртуу жана унаа жолдорунун коопсуздугун камсыз кылуу максатында №18 Жол тейлөө мекемеси тарабынан Түндүк – Түштүк альтернативдик унаа жолунда бир катар оңдоо жана калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө.**

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынын айтымына караганда, аталган унаа жолунун 243-296-чакырым аралыгында тоо бетинен кулап түшкөн таш көчкүлөрдү тазалоо иштери үзгүлтүксүз улантылууда. 

> *Ошондой эле, учурда 260-чакырымдагы ДРП салынуучу тилкеде иштер аткарылып, эки механикалык жүктөгүч иш алып барууда.*

> *Мындан тышкары, Казарман – Акталчат унаа жолунун 8–99-чакырым аралыгында автогрейдер аркылуу жолду калыбына келтирүү, кырып тегиздөө иштери жүргүзүлүп жатат.*

Ал эми Казарман – Жалал-Абад унаа жолунун 1-3-чакырым аралыгындагы кооптуу тилкелерге жол коопсуздугун камсыздоо максатында парапет орнотуу иштери аткарылды.