> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте Иманалиев көчөсүнүн бөлүгү оңдоо иштерине байланыштуу жабылат
- URL: https://im.kg/transport/2026/06/15/bishkekte-imanaliev-kochosunun-bolugu-ondoo-ishterine-bailanyshtuu-zhabylat/
- Published: 2026-06-15T10:44:42.000Z
- Updated: 2026-06-15T10:44:41.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Транспорт

**Бишкек шаарында жол-транспорттук инфратүзүмдү жакшыртуу жана оңдоо иштеринин алкагында 16-июндан тарта Иманалиев көчөсүнүн 7-Апрель көчөсүнөн Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейинки бөлүгүндө унаалардын кыймылы убактылуу чектелет.**

Чектөө жол коопсуздугун камсыз кылуу жана курулуш иштерин өз убагында, сапаттуу аткаруу максатында киргизилүүдө.

Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти айдоочуларды жана жөө жүргүнчүлөрдү жүрүү каттамдарын алдын ала пландап, жол кыймылын уюштуруунун убактылуу өзгөртүлгөн схемасын эске алууга чакырат.

> Белгилей кетсек, оңдоо иштери борбор калаанын жол тармагын модернизациялоого, жол коопсуздугун жогорулатууга жана транспорттук кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртууга багытталган.