> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте 14 автобустун каттам багыты өзгөртүлдү
- URL: https://im.kg/transport/2026/06/16/bishkekte-14-avtobus-kattamdyn-bagyty-ozgortuldu/
- Published: 2026-06-16T03:18:18.000Z
- Updated: 2026-06-16T03:37:29.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Транспорт

**16-июндан тарта Бишкек шаарында Киев көчөсүн оңдоп-түзөөгө байланыштуу коомдук транспорттун үзгүлтүксүз кыймылын камсыз кылуу максатында 14 автобустук каттамдын жүрүү чиймелерине убактылуу өзгөртүүлөр киргизилд**и.

Бишкек шаардык мэриясынын маалыматына ылайык, өзгөртүүлөр төмөнкү каттамдарга тиешелүү: №104, №212, №222, №254, №7Т, №25, №243, №216, №145, №103, №66, №42, №36 жана №24.

> *Оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшүндө аталган каттамдар айрым тилкелерде убактылуу альтернативдүү көчөлөр аркылуу жүргүзүлөт. Өзгөртүлгөн чиймелер жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо жана жүргүнчүлөр үчүн ыңгайсыздыктарды азайтуу максатында иштелип чыккан. Шаар тургундарын жана конокторун коомдук транспортту пайдаланууда каттамдардын жаңыланган чиймелерин алдын ала тактап алууну сунуштайт. Тиешелүү маалыматтар шаардык транспорт кызматтарынын расмий маалымат булактары аркылуу үзгүлтүксүз жарыяланып турат.*

Бишкек шаардык мэриясы айдоочулардан жана жөө жүргүнчүлөрдөн каттамдарын алдын ала пландап, келтирилген ынгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууларын суранат.