> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ошто дагы бир көчө оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү
- URL: https://im.kg/transport/2026/06/16/oshto-dagy-bir-kocho-ondop-tuzoodon-otkoruldu/
- Published: 2026-06-16T04:03:23.000Z
- Updated: 2026-06-16T04:03:23.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Транспорт

**15-июнда Ош шаарында Абакир уулу Төрөбек көчөсү салтанаттуу түрдө ачылып, пайдаланууга берилди. Иш-чарага Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Болот Баетов, шаардык мекеме-ишканалардын өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.**

Маалыматка ылайык, калаа башчысы аталган көчөдө жайгашкан №33, №35 жана №37 көп кабаттуу турак үйлөрдө жүргүзүлгөн оңдоп-түзөө иштеринин жыйынтыгы менен жеринде таанышты. Аталган үйлөрдүн сырткы фасаддары Ош шаарынын мэриясынын кош каржылоо долбоорунун алкагында жаңыланып, акталып-сырдалып, жашоочулар үчүн унаа токтотуучу жайлар уюштурулган.

> *Мындан тышкары, көчө аркылуу агып өткөн Увам каналынын жээгиндеги мыйзамсыз курулуштар алынды. Азыр каналдын жээги тосулуп, тротуар төшөлүүдө. Келечекте бул жер жашыл аймаккаайланат.*

Аталган иштердин бардыгы шаардыктарды ыңгайлуу шарттар менен камсыздоого жана шаардын инфраструктурасын өнүктүрүүгө багытталган.