> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Республика боюнча 426 чакырым жол оңдолду
- URL: https://im.kg/transport/2026/06/16/respublika-boiuncha-426-chakyrym-zhol-ondoldu/
- Published: 2026-06-16T03:33:17.000Z
- Updated: 2026-06-16T03:33:16.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Транспорт

**Транспорт жана коммуникациялар министрлиги өлкө аймагындагы стратегиялык жана жергиликтүү маанидеги автожолдорду оңдоо жана куруу иштерин күчөтүлгөн тартипте улантууда.** 

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынын айтымында, бүгүнкү күнгө карата республика боюнча жалпы 426 чакырым автожол толугу менен асфальтталды. 

> *Бул жылдын көрсөткүчү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 234 чакырымга көп. Белгилей кетсек, 2025-жылдын июнь айына карата өлкө боюнча 191,5 чакырым жол асфальтталган.* 

Учурда транспорттук-логистикалык потенциалды жогорулатуу, жол коопсуздугун камсыздоо жана аймактардын инфраструктурасын жакшыртуу максатында жол куруу жана оңдоп-түзөөиштери өлкө боюнча үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө. Жол курулушу жана оңдоо иштери министрликтин көзөмөлүндө уланууда.