> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы авиакаттамдардын графиги өзгөрдү
- URL: https://im.kg/transport/2026/06/18/kyrgyzstan-menen-rossiianyn-ortosundagy-aviakattamdardyn-grafigi-ozgordu/
- Published: 2026-06-18T11:38:28.000Z
- Updated: 2026-06-18T11:38:27.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Транспорт

**Москвада “Ковер” планы киргизилгенине байланыштуу Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы айрым авиакаттамдардын графиги өзгөрдү. Бул тууралуу “Кыргызстандын аэропорттору” ААКнын басма сөз кызматы билдирди.**

Маалыматка ылайык, “Авиатрафик” авиакомпаниясынын Бишкек – Москва багыты боюнча YK883 каттамы Нижний Новгород шаарындагы аэродромго багытталды. Ошондой эле Бишкектен Москвага учуп бара жаткан К91701 каттамы да ошол жерге конду.

> *Ал эми Aeroflot авиакомпаниясы Москва – Бишкек – Москва багыты боюнча SU1886/1887 каттамдарын жокко чыгарды.*

> *Ural Airlines авиакомпаниясынын U62803/2804 каттамы кечигүүдө. Учактын Москвага болжолдуу келүү убактысы – саат 18:10, ал эми кайра учуп чыгышы – Москва убактысы боюнча саат 19:20 деп күтүлүүдө.*

“Кыргызстандын аэропорттору” ААКсы каттамдар боюнча маалыматтар жаңы маалыматтар түшкөн сайын жаңыланып турарын белгиледи.