> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Жаңы “Ош” базары тарапка эки кошумча жол салынат
- URL: https://im.kg/transport/2026/06/18/zhany-osh-bazary-tarapka-eki-koshumcha-zhol-salynat/
- Published: 2026-06-18T03:40:42.000Z
- Updated: 2026-06-18T03:40:42.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Транспорт

**Жаңы “Ош” базары менен “Батыш” автобекетине алып баруучу жаңы жолдун курулушу уланууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.**

Маалыматка ылайык, бул жаңы салынып жаткан жол Профсоюз көчөсүнөн Түндүк айланма жолуна чыгат. Долбоорго ылайык, жолдун жалпы узундугу 5 чакырым 800 метрди түзөт.

Долбоордун алкагында жаңы “Ош” базарына жана жаңы автобекетке алып баруучу дагы эки кошумча жол салынат. Алардын бири 1 чакырым 600 метр, экинчиси 1 чакырым 300 метр узундукта болот.

> *Мындан тышкары, долбоордун курамында 13 суу өткөрүүчү түтүкчө, жарыктандыруу тутуму, тротуарлар жана бир көпүрө куруу каралган. Көпүрөнүн узундугу 18 метрди, туурасы 25 метрди түзөт. Ал Чоң Чүй каналынын үстүнө салынууда. Жеринде 100 атайын техника жана 100дөй жумушчу тынымсыз иш алып барууда.*

“Ош” базары менен “Батыш” автобекети шаардын сыртына көчүрүлүп жаткандыктан, бул жол келечекте башкы транспорттук артерия болуп калат. 

Атап айтканда, бул инфраструктуралык долбоор шаардагы унаа тыгындарын азайтып, долбоор толук ишке ашырылганда жаңы базарга жана автобекетке каттамдар кыйла жеңилдейт.