> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ысык-Ата районунда 34 чакырым жол оңдолууда
- URL: https://im.kg/transport/2026/06/19/ysyk-ata-raionunda-34-chakyrym-zhol-ondoluuda/
- Published: 2026-06-19T05:39:03.000Z
- Updated: 2026-06-19T05:39:03.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Транспорт

**Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тарабынан Ысык-Ата районунда жол инфраструктурасын өнүктүрүү максатында автомобиль жолдорун куруу жана оңдоо иштери жүргүзүлүүдө.**

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынын маалыматына караганда, 2026-жылдагы планга ылайык, Ысык-Ата районунда жалпы 34.5 чакырым жолго асфальт төшөө каралган. Бүгүнкү күндө Жээк – Гагарина автомобиль жолунун 5 чакырым бөлүгүн асфальттоо толук бүткөрүлдү. Ошондой эле Новопокровка – Туз автомобиль жолун жана Красная Речка – Ысык-Ата автомобиль жолун асфальттоо аяктады. 

> *Учурда, Кант – Горная Серафимовка унаа жолунун 9 чакырымдан ашык тилкесине асфальт басууга даярдык иштери жүргүзүлүүдө. Туз – Интернационал – Жар-Башы автомобиль жолунун 3 чакырым бөлүгүнө асфальт төшөө пландалып, учурда жер жумуштары аткарылууда. Аймактагы башка жол тилкелеринде да жол куруу иштери активдүү уланууда.* 

Ысык-Ата районундагы жол инфраструктурасын жакшыртуу боюнча иштер министрликтин көзөмөлүндө улантылууда.