> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кызыл-Булак – Тамаша жолун сел алып кетти
- URL: https://im.kg/transport/2026/06/21/kyzyl-bulak-tamasha-zholun-sel-alyp-ketti/
- Published: 2026-06-21T05:50:35.000Z
- Updated: 2026-06-21T05:50:35.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Транспорт

**Ош – Баткен – Раззаков унаа жолунун 120-121- чакырым аралыгында нөшөрлөгөн жаандын кесепетинен жолго түшкөн таштар жана сел калдыктары өз убагында тазаланды. Каттам эки тараптуу ачык.**

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынын айтымына караганда, Кызыл-Булак – Тамаша автожолунун 0-чакырымында 200 метр аралыктагы жолду сел алып кеткен. 

> *Учурда жеринде министрликтин №46 Жол тейлөө ишканасынын атайын техникалары тартылып, селдин кесепеттерин жоюу иштерин ыкчам жүргүзүүдө.*

Альтернативдик жол ачылып, жүргүнчүлөр үчүн каттам бар. 

**Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын* [**Telegram*](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)**,* [**Facebook*](https://www.facebook.com/ishker.m)**,* [**Instagram*](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)**,* [**Threads*](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia)**,* [**Х*](https://x.com/ishker%5Fmedia) *жана* [YouTube](https://www.youtube.com/@Ishker-f5r) каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен **Сиз ийгиликке жетишесиз*!