> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Тараз – Нылды – Покровка жолу селдин агындыларынан тазаланды
- URL: https://im.kg/transport/2026/06/21/taraz-nyldy-pokrovka-zholu-seldin-agyndylarynan-tazalandy/
- Published: 2026-06-21T05:26:49.000Z
- Updated: 2026-06-21T05:31:01.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Транспорт

**20-июнда саат 18:30 чамасында катуу жааган жаандын кесепетинен Талас облусундагы Тараз – Нылды –Покровка унаа жолунун 13–14-чакырым аралыгында сел жүрүп, жолдун жүрүүчү бөлүгүнө чыккан. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.**

Маалыматка ылайык, жеринде №19 Жол тейлөө ишканасы филиалы тарабынан ыкчам түрдө атайын техника тартылып, тазалоо иштери жүргүзүлдү. Натыйжада саат 18:55те жол кыймылы толугу менен калыбына келтирилип, унаа жолу ачылды. Учурда каттам бар, жол ачык.

> *Ошондой эле, Талас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу Үч-Эмчек айылында сел жүрдү. Учурда унаа жол ачык, жол каттамы үзгүлтүксүз камсыздалууда.*

Жеринде №47 Жол тейлөө ишканасы филиалы тарабынан атайын техникалар тартылып, кырдаалга көзөмөл жүргүзүлүүдө. Техника жана кызматкерлер ыкчам чара көрүүгө даяр абалда турушат.