> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Манас аба майданынан Манас айылына чейинки жол жабылат
- URL: https://im.kg/transport/2026/06/23/manas-aba-maidanynan-manas-aiylyna-cheiinki-zhol-zhabylat/
- Published: 2026-06-23T05:18:18.000Z
- Updated: 2026-06-23T05:18:17.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Транспорт

**“Манас” аба майданынын аймагындагы жол инфраструктурасын оңдоп-түзөөнүн биринчи этабынын алкагында 23-июндан 1-июлга чейин узундугу 8 чакырым болгон тилкеде – “Манас” аба майданынан Манас айылына чейин автотранспорт каражаттарынын кыймылы убактылуу чектелет.**

Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, чектөөлөр жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу, ошондой эле оңдоп-түзөө иштерин өз убагында жана сапаттуу жүргүзүү максатында киргизилүүдө.

> *Эске сала кетсек, оңдоо иштери жүрүп жаткан мезгилде жол толугу менен жабылбайт. Оңдоо иштерине байланыштуу тиешелүү тилкеде жолдун бир гана тарабы этап-этабы менен жабылып турат. Ал эми транспорт каражаттарынын кыймылы жолдун экинчи тарабы аркылуу эки багытта уюштурулат.*

Бишкек шаарынын мэриясы айдоочулардан каттамдарын алдын ала пландаштырууну жана жол кыймылын уюштуруудагы убактылуу өзгөрүүлөрдү эске алууну өтүнөт.