> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкектеги Иманалиев көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат
- URL: https://im.kg/transport/2026/06/24/bishkektegi-imanaliev-kochosunun-bir-bolugu-zhabylat/
- Published: 2026-06-24T10:31:36.000Z
- Updated: 2026-06-24T10:31:35.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Транспорт

**26-июндан тартып Бишкектеги М.Иманалиев көчөсүнүн Байтик баатыр көчөсүнөн Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылат. Бул тууралуу мэриядан билдирди.**

Маалыматка ылайык, жолду оңдоп-түзөө жана жакшыртуу иштеринин биринчи этабына байланыштуу унаалардын кыймылы убактылуу чектелет.

> *Мындан тышкары, оңдоп-түзөө иштеринин экинчи этабынын алкагында М.Иманалиев көчөсүнүн Жукеев-Пудовкин көчөсүнөн 7-Апрель көчөсүнө чейинки бөлүгүндө да кыймыл чектелет.*

Мэрия шаар тургундары менен жөө жүргүнчүлөрдү маршруттарын алдын ала пландап, киргизилген өзгөрүүлөрдү эске алууга чакырат.