> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Калинин – Степной жолуна асфальт төшөлүүдө
- URL: https://im.kg/transport/2026/06/24/kalinin-stepnoi-zholuna-asfalt-tosholuudo/
- Published: 2026-06-24T06:41:29.000Z
- Updated: 2026-06-24T06:41:28.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Транспорт

**Жайыл районундагы Калинин – Степной унаа жолунда асфальт төшөө иштери активдүү жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.**

Маалыматка караганда, 2026-жылга карата титулдук тизмеге ылайык, аталган жолдун 5 чакырымына асфальт төшөө иштери каралган. Учурда анын 2 чакырымына асфальт төшөлүп бүттү.

> *Бүгүнкү күндө курулуш иштери белгиленген графикке ылайык кызуу жүрүп, №40 Жол эксплуатациялоо мекемеси тарабынан аткарылууда.*

Ал эми жолду жаңылоо иштеринин негизги максаты - транспорт кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жана жергиликтүү тургундар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.