> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кара-Суу районунда 61 км жол жасалууда
- URL: https://im.kg/transport/2026/06/24/kara-suu-raionunda-61-km-zhol-zhasaluuda/
- Published: 2026-06-24T04:55:08.000Z
- Updated: 2026-06-24T04:55:07.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Транспорт

**2026-жылга карата бектилген планга ылайык, Кара-Суу району боюнча жалпысынан 61 чакырым 690 метр жолго асфальт төшөө жумуштары жүрүп жатат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.**

Маалыматка ылайык, Ош ­– Кара-Суу унаа жолун оңдоп-түзөө долбоорунун алкагында узундугу 18 чакырым 690 метр чакырым жол асфальтталууда. Жолдун туурасы 15 метрден 22 метрге чейин жетип, 4 тилкелүү болот. Жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу үчүн туурасы 3 метр болгон жөө адамдар өтүүчү жана велосипеддер үчүн жол курулууда. 

> *Кара-Суу – Октябрь – Кызыл-Кошчу унаа жолунун 9 чакырымы толугу менен асфальтталып бүттү. Анын 5 чакырымы титулдук тизмеден , 4 чакырымы “Капиталдык салымдар” беренесинен эсебинен каржыланды.* 

> *Узундугу 13 чакырымды түзгөн Садырбай – Каратай унаа жолундаподряддык уюм тарабынан жолду кеңейтүү жана жер иштерин жүргүзүү иштери аткарылууда.* 

Ошондой эле узундугу 5 чакырым болгон Ош – Кара-Суу унаа жолу боюнча долбоордук-смета даярдалып, жакынкы күндөрдө курулуш иштери башталат.

Курбан-Кара -“Ынтымак” өткөрмө пункт унаа жолунда 7 чакырым аралыкта асфальт төшөө үчүн жер иштери аткарылууда.

4 чакырым аралыкты түзгөн Нариман – Ленин унаа жолунун долбоору иштелип чыгып, ондоо иштерин жакын арада баштоо пландалууда.

Ал эми Кара-Суу шаары менен “Кара-Суу” өткөрмө пунктун бириктирген Х.Юлдашев унаа жолунда бир катмар асфальт төшөлүп, жолдун четине суу лотоктору орнотулду. 

ПАД – Фрунзе унаа жолунда жана Ош шаарынын “Ош” Эл аралык аэропорт менен Кашкар-Кыштак айланма жолунда дагы асфальт төшөө иштери жүрүүдө.