> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ош – Тамчы аба каттамы кайра жанданат
- URL: https://im.kg/transport/2026/06/24/osh-tamchy-aba-kattamy-kaira-zhandanat/
- Published: 2026-06-24T08:00:15.000Z
- Updated: 2026-06-24T08:00:15.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Транспорт

**“Асман Эйрлайнс” авиакомпаниясы 26-июндан тарта Ош – Тамчы – Ош багыты боюнча үзгүлтүксүз аба каттамдарын кайрадан жандантат. Бул тууралуу "Кыргызстан аэропорттору" ишканасынан билдиришти.**

> *Маалыматка ылайык*,* каттамдар жумасына үч жолу - дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү аткарылат. Авиакомпаниянын жаңы каттамдары Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарынын тургундарына көл жээгине тез жана ыңгайлуу жетүүгө мүмкүнчүлүк түзөт. Тамчы аэропортуна жетүү болгону бир саатка созулат.*

Бир тарапка билеттин баасы 6 500 сомду түзөт. Билеттерди авиакомпаниянын расмий сайты жана мобилдик тиркемеси аркылуу кошумча комиссиясыз сатып алууга болот.