> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ош – Сары-Таш – Эркечтам жолу ачылды
- URL: https://im.kg/transport/2026/06/25/osh-sary-tash-erkechtam-zholu-achyldy/
- Published: 2026-06-25T06:25:41.000Z
- Updated: 2026-06-25T06:25:40.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Транспорт

**24-июнда саат 14:30 чамасында Ош облусунун Алай районунда нөшөрлүү жамгырдан кийин, Ош – Сары-Таш – Эркечтам унаа жолунун 58+200 чакырымында сел жүргөн. Натыйжада унаа кыймылы убактылуу үзгүлтүккө учураган.**

> *Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин мааалымат кызматынын айтымына караганда, министрликтин №959 Жол эксплатациялоо мекемеси тарабынан кырсыктын кесепеттерин жоюуга ыкчам түрдө атайын техникалар тартылган.* 

Жолчулар тарабынан жолду сел калдыктарынан тазалоо жана суу жеп кеткен тилкелерди калыбына келтирүү иштери ыкчам жүргүзүлдү. Көрүлгөн чаралардын натыйжасында, 1,5 – 2 сааттын аралыгында унаа жолу тазаланып, убактылуу чектөөлөр алынды. Учурда каттам толугу менен ачык жана унаалар үзгүлтүксүз каттоодо.

**Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын* [**Telegram*](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)**,* [**Facebook*](https://www.facebook.com/ishker.m)**,* [**Instagram*](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)**,* [**Threads*](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia)**,* [**Х*](https://x.com/ishker%5Fmedia) *жана* [YouTube](https://www.youtube.com/@Ishker-f5r) каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз *ийгиликке жетишесиз*!