> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкек шаарындагы Шаты көчөсү оңдолууда
- URL: https://im.kg/transport/2026/06/26/bishkek-shaaryndagy-shaty-kochosu-ondoluuda/
- Published: 2026-06-26T10:33:10.000Z
- Updated: 2026-06-26T10:33:09.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Транспорт

**“Бишкекасфальтсервис” муниципиалдык ишканасы тарабынан 2026-жылдын титулдук тизмесине ылайык, Шаты көчөсү Кара-Жыгач көчөсүнөн Субан-Ата көчөсүнө чейинки бөлүгүндө капиталдык курулуш иштери жүргүзүлүүдө.**

“Бишкекасфальтсервис” муниципиалдык ишканасынын маалыматына ылайык, курулуп жаткан жолдун жалпы узундугу 616 метрди, туурасы 7 метрди түзөт.

> *Долбоордун алкагында заманбап талаптарга жооп берген жаңы асфальт төшөлүп, жөө жүргүнчүлөр үчүн жолдун эки тарабына тротуар жана ирригация системасы курулат.*

Долбоор шаардык инфраструктуранын сапатын жогорулатууга, жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууга жана борбор калаанын тургундары үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.