> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкектеги Киев көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат
- URL: https://im.kg/transport/2026/06/26/bishketegi-kiev-kochosunun-bir-bolugu-zhabylat/
- Published: 2026-06-26T12:20:00.000Z
- Updated: 2026-06-26T17:00:52.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Транспорт

**“Бишкекжылуулуктармагы” муниципалдык ишканасы Киев көчөсү Исанов көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки бөлүгү жабыла тургандыгын маалымдайт.**

> *Учурда ишкананын адистери тилкеде диаметри 89 мм жана 273 мм болгон жылуулук тармактарын алмаштыруу боюнча негизги иштерди аякташты. Иштерди этап-этабы менен оңдоп-түзөөнүн алкагында кийинки этап 27-июнда Киев жана Панфилов көчөлөрүнүн кесилишинде башталат.*

Оңдоо иштери инженердик коммуникацияларды жаңылоо жана алдыдагы 2026–2027-жылдардагы жылуулук берүү мезгилинде жылуулук менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатуу максатында жүргүзүлүүдө.

**Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын* [**Telegram*](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)**,* [**Facebook*](https://www.facebook.com/ishker.m)**,* [**Instagram*](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)**,* [**Threads*](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia)**,* [**Х*](https://x.com/ishker%5Fmedia) *жана* [YouTube](https://www.youtube.com/@Ishker-f5r) каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз *ийгиликке жетишесиз*!