> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ноокен районундагы Коммунизм –Коминтерн жолуна асфальт төшөлдү
- URL: https://im.kg/transport/2026/06/26/nooken-raionundagy-kommunizm-komintern-zholuna-asfalt-tosholdu/
- Published: 2026-06-26T08:20:01.000Z
- Updated: 2026-06-26T08:20:00.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Транспорт

**Ноокен районундагы Коммунизм – Коминтерн унаа жолуна эки тараптуу асфальт төшөлүп бүттү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.**

Маалыматка караганда, 2026-жылга карата титулдук тизмеге ылайык, аталган жолдун 5 чакырым аралыгына эки тараптуу асфальт төшөө иштери каралып, курулуш иштери №51 Жол эксплуатациялоо мекемеси тарабынан аткарылды. 

> *Союз мезгилинен бери бул жолго капиталдык оңдоо жүргүзүлбөй, ушул убакка чейин жалаң гана чуңкурларын бүтөө иштери аткарылып келген.*

Жолдун асфальтталышы менен жергиликтүү тургундар үчүн жүрүү кыйла ыңгайлуу болуп, унаалардын коопсуз жана үзгүлтүксүз каттоосуна шарт түзүлүп, айылдардын ортосундагы транспорттук байланыш жакшырды.