> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Баткен – Тамчы аба каттамы ишке киргизилет
- URL: https://im.kg/transport/2026/06/29/batken-tamchy-aba-kattamy-ishke-kirgizilet/
- Published: 2026-06-29T05:57:01.000Z
- Updated: 2026-06-29T05:57:00.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Транспорт

**16-июлдан тартып тарыхта биринчи жолу Баткен – Тамчы – Баткен багыты боюнча түз туруктуу авиакаттам ишке киргизилет. Бул каттам Баткен облусу менен Ысык-Көлдүн жээгин эч кандай транзитсиз жана узак жол жүрбөстөн байланыштырат.**

"Кыргызстан аэропортторунан” билдиргендей, эми баткендиктер болжол менен бир сааттын ичинде Ысык-Көлдүн жээгине жетип, эс ала алышат. Жаңы каттам Кыргызстандын эң популярдуу туристтик багыттарынын бирине жетүүнү мурдагыдан да жакын, жеткиликтүү жана ыңгайлуу кылат.

> *Каттамдар ар бейшемби күнү күндүн биринчи жарымында аткарылат. Бул жүргүнчүлөргө эс алуу убактысын мүмкүн болушунча натыйжалуу пайдаланууга шарт түзөт.*

Бир тарапка авиабилеттин баасы 6 500 сомду түзөт. Бул баадагы билетти Asman Airlines авиакомпаниясынын расмий www.asmanairlines.kg сайты аркылуу же Asman Airlines мобилдик тиркемеси аркылуу эч кандай комиссиясыз жана кошумча төлөмдөрсүз сатып алууга болот.