> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Түп районуна 71,7 чакырым жолго асфальт төшөлөт
- URL: https://im.kg/transport/2026/06/29/tup-raionuna-71-7-chakyrym-zholgo-asfalt-tosholot/
- Published: 2026-06-29T06:30:31.000Z
- Updated: 2026-06-29T06:30:30.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Транспорт

**Ысык-Көл облусунун Түп районунда жол инфраструктурасын өнүктүрүү багытында бир катар ири долбоорлор ишке ашырылууда. 2026-жылы бекитилген планга ылайык жалпысынан район боюнча 71,7 чакырым жолго асфальт төшөө иштери пландалган.**

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин мааалымат кызматынын айтымына караганда, Талды-Суу – Арал унаа жолунун 10 чакырымына асфальт төшөө жумуштары башталды. 

Түп – Кеген унаа жолунун 39 чакырым тилкесинде асфальттын экинчи катмарын төшөө иштери жүрүп жатат. 

Михайловка – Николаевка – Токтоян – Сары-Тологой унаа жолунун 15,5 чакырымына асфальт төшөө пландалган. Бүгүнкү күнгө карата анын 10,5 чакырымына асфальт төшөлүп бүттү. 

Түп – Шаты – Ичке-Суу – Талды-Суу унаа жолунда 7.2 чакырым жол жасалат. 

> *Мындан тышкары, буга чейин асфальт басылган Каркыра – Турук – Сары-Жаз унаа жолунда жол чийимдерин чийүү жана жол белгилерин орнотуу иштерине даярдык көрүлүүдө.* 

Жолдун курулушу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин көзөмөлүндө. Иштер белгиленген графикке ылайык аткарылууда.