> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкектеги Исанов көчөсүнүн айрым тилкелери жабылат
- URL: https://im.kg/transport/2026/06/30/bishkektegi-isanov-kochosunun-airym-tilkeleri-zhabylat/
- Published: 2026-06-30T04:31:00.000Z
- Updated: 2026-06-30T04:30:59.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Транспорт

**Бишкек шаарында Исанов көчөсүндө канализация тармагын куруу иштерине байланыштуу унаа кыймылы убактылуу чектелет.**

Бишкек шаардык мэриясынын маалыматына ылайык, 30-июндан тартып Исанов көчөсүнүн Ташкент көчөсүнөн Күрөңкеев көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн 10 күнгө толугу менен жабылат.

> *Аталган тилкедеги иштер аяктагандан кийин курулуш иштери этап-этабы менен улантылып, Исанов көчөсүнүн кийинки тилкелери да курулуш иштеринин жүрүшүнө жараша ар бири 10 күндөн кезеги менен убактылуу жабылып турат.*

Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы шаар тургундарын жана айдоочуларды жүрүү багыттарын алдын ала пландап, мүмкүн болушунча альтернативдүү көчөлөрдү пайдаланууга чакырат.