> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ак-Терек – Папан – Кожокелең жолуна асфальт төшөлдү
- URL: https://im.kg/transport/2026/07/01/ak-terek-papan-kozhokelen-zholuna-asfalt-tosholdu/
- Published: 2026-07-01T10:31:33.000Z
- Updated: 2026-07-01T10:31:33.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Транспорт

**Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Ош облусундагы Ак-Терек –Папан – Кожокелең унаа жолунун 5 чакырым тилкесине асфальт-бетон төшөө иштерин толугу менен аяктады.**

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынын айтымына караганда, иштер 2026-жылга карата титулдук тизмеге ылайык жүргүзүлүп, курулушту №21 Жол эксплуатациялоо мекемеси аткарды.

> *Жолдун жаңыланышы айдоочулар жана жергиликтүү тургундар үчүн коопсуз жана ыңгайлуу жүрүүгө шарт түздү.* 

Министрлик тарабынан өлкө боюнча жолдорду оңдоо жана жаңылоо иштери бекитилген планга ылайык улантылууда.