> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкек – Нарын – Торугарт жолун суу каптады
- URL: https://im.kg/transport/2026/07/02/bishkek-naryn-torugart-zholun-suu-katpady/
- Published: 2026-07-02T05:48:57.000Z
- Updated: 2026-07-02T09:21:40.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Транспорт

**1-июлда нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен Бишкек–Нарын – Торугарт унаа жолунун 273–275-чакырымында жана Сары-Булак–Соң-Көл унаа жолунун 0 – 3 –чакырымдарында жолдун айрым** **тилкелерин суу каптады.**

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынын айтымында, жерине атайын техникалар ыкчам тартылып, тазалоо иштерин №14 Жол эксплуатациялоо мекемесинин кызматкерлери жүргүзүүдө.

> *Учурда автогрейдердин жардамы менен суунун нугун буруу, жолдун үстүн кырып-тегиздөө жана каттамдын коопсуздугун камсыздоо иштери аткарылууда.*

Азыркы тапта эки жолдо тең унаалардын кыймылы үзгүлтүксүз уланып, каттам ачык.