> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкек – Ош жолундагы туннелдин курулушу 2028-жылы бүткөрүлөт
- URL: https://im.kg/transport/2026/07/02/bishkek-osh-zholundagy-tunneldin-kurulushu-2028-zhyly-butkorulot/
- Published: 2026-07-02T06:17:55.000Z
- Updated: 2026-07-02T06:17:54.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Транспорт

**Бишкек – Ош унаа жолунун 400-чакырымында жаңы туннелдин курулушу башталып, иштер планга ылайык аткарылууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.**

Маалыматка ылайык, аталган аралыкта кар жана таш көчкү түшүү кооптуулугу жогору болгондуктан жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыздоо максатында 742 метр узундуктагы 2 тилкелүү туннель курулат. Долбоорго ылайык, 409-чакырымда таш кулоодон коргоочу курулуштар жана 451-чакырымда жер көчкүгө каршы тирөөч дубалдарды орнотуу каралган.

> *Бүгүнкү күнгө карата, Бишкек порталында тоо боорлоруна коргоочу торлорду орнотуу иштери 90%га аяктады. Туннель курулушу үчүн бетон өндүрүш заводунун монтаждоо иштери соңуна чыкты. Инженер-консультанттар үчүн кеңсе менен лабораториянын курулушу аяктоодо.* 

Туннелдин курулушуна керектүүчү материалдар Жапониядан кезек-кезеги менен Кыргызстанга келип жатат. 

Долбоорду 2028-жылы бүткөрүү мерчемделген. Эскерте кетсек, аталган туннель Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин жана Жапония эл аралык кызматташтык агенттигинин биргелешкен долбоору болуп саналат.