> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу жолу бир тараптуу ачылды
- URL: https://im.kg/transport/2026/07/02/myrza-ake-kara-kulzha-alaikuu-zholu-bir-taraptuu-achyldy/
- Published: 2026-07-02T07:05:37.000Z
- Updated: 2026-07-02T07:05:36.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Транспорт

**Кара-Кулжанын Алайкуу аймагындагы унаа жолдору тазалоо иштеринен кийин бир тараптуу ачылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.**

Маалыматка ылайык, Терек – Чаты – Терек автожолунун 10-чакырымына чейинки аралыкка сел түшүп, жол убактылуу жабылган. Учурда жүргүзүлгөн тазалоо иштеринин натыйжасында жол бир тараптуу кыймыл үчүн ачылды.

Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолунун 107–115-чакырым аралыгына түшкөн селдин кесепеттери жоюлуп, аталган тилкеде да бир тараптуу каттам ачылды.Учурда жолдорду кеңейтүү жана калыбына келтирүү иштери улантылууда.

**Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын* [**Telegram*](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)**,* [**Facebook*](https://www.facebook.com/ishker.m)**,* [**Instagram*](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)**,* [**Threads*](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia)**,* [**Х*](https://x.com/ishker%5Fmedia) *жана* [YouTube](https://www.youtube.com/@Ishker-f5r) каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз *ийгиликке жетишесиз*!