> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Боом капчыгайы таш көчкүдөн тазаланууда
- URL: https://im.kg/transport/2026/07/03/boom-kapchygaiy-tash-kochkudon-tazalanuuda/
- Published: 2026-07-03T12:15:42.000Z
- Updated: 2026-07-03T12:15:42.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Транспорт

**Тынымсыз жааган жамгырдын кесепетинен Боом капчыгайында тоодон таш көчкү түштү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.**

Маалыматка таянсак, учурда жеринде Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин кызматкерлери атайын техникалардын жардамы менен жолду көчкүдөн тазалоо иштерин жүргүзүп жатышат.

> *Унаа кыймылын үзгүлтүккө учуратпоо үчүн жол маал-маалы менен ачылып, транспорт каражаттары өткөрүлүүдө.* 

Министрлик айдоочулардан этият болуп, жол кыймылынын эрежелерин так сактоону жана кызматкерлердин көрсөтмөлөрүн аткарууну суранат.