> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кара-Кечеге барчу жол жабылды
- URL: https://im.kg/transport/2026/07/03/kara-kechege-barchu-zhol-zhabyldy/
- Published: 2026-07-03T06:07:15.000Z
- Updated: 2026-07-03T06:07:15.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Транспорт

**Нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен Дыйкан – Кара-Кече – Молдо-Ашуу унаа жолунда сел жүрдү. Бул тууралуу “Кыргызкөмүрдүн” басма сөз кызматы билдирди.**

Маалыматка ылайык, селдин кесепетинен жолдун 30 – 32-чакырымындагы көпүрө толугу менен жараксыз абалга келип, Кара-Кече кенине алып баруучу жолдо бардык автотранспорт каражаттарынын кыймылы толугу менен токтотулду.

> *Ушуга байланыштуу бардык жүк ташуучу жана жеңил автоунаалардын айдоочуларын, көмүр ташуучуларды, ишкерлерди жана жарандарды жол толук калыбына келтирилгенге чейин Кара-Кече багытына айдоочуларды барбоого чакырат.*

Учурда “Кара-Кече” филиалы тез арада калыбына келтирүү боюнча иштерди жүргүзүүдө.

Жол кыймылы кайра жандандырылып, көпүрө калыбына келтирилгенден кийин бул тууралуу расмий маалымат булактары аркылуу кошумча маалымат берилет.