> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунунун экологиялык абалы текшерилди
- URL: https://im.kg/transport/2026/07/03/kytai-kyrgyzstan-ozbekstan-temir-zholununun-ekologiialyk-abaly-teksherildi/
- Published: 2026-07-03T09:06:42.000Z
- Updated: 2026-07-03T09:06:41.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Транспорт

**Жалал-Абадда Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун Сары-Кыр тилкесиндеги курулуш иштеринде экологиялык талаптардын аткарылышы текшерилди. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлигинен билдиришти.**

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришкендей, анда калдыктарды туура башкаруу жана сорттоо, жер жана суу ресурстарынын булганышына жол бербөө, жаратылышка терс таасир тийгизүүнүн алдын алуу сыяктуу маселелерге өзгөчө көңүл бурулду.

> *Аталган тилкеде курулуш иштери экологиялык нормаларга ылайык жүрүп жатканы жана эч кандай мыйзам бузуулар катталбаганы тастыкталды.*

Адистер курулуш жүргүзүп жаткан мекемелердин өкүлдөрү менен жолугушуп, айлана-чөйрөнү коргоо жана экологиялык мыйзамдарды так сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Текшерүүчүлөр өлкөнүн экологиялык мыйзамдарынын талаптарын жоопкерчилик менен аткаруу зарылдыгын дагы бир ирет эскертишти.