> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Терек – Чаты – Терек жолунда бир тараптуу каттам ачылды
- URL: https://im.kg/transport/2026/07/03/terek-chaty-terek-zholunda-bir-taraptuu-kattam-achyldy/
- Published: 2026-07-03T07:34:45.000Z
- Updated: 2026-07-03T07:34:44.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Транспорт

**3-июлда Терек – Чаты – Терек автожолунун 5-чакырымга чейинки аралыгында жүргөн селдин кесепеттери жоюлуп, бир тараптуу каттам ачылды. Азыркы тапта тазалоо иштери уланууда.** 

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынын айтымында, Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу автожолунун 106–110-чакырымдарында сел түшкөн тилкелерде жолду кеңейтүү жана тазалоо иштери уланып жатат.

Жолдорду тазалоо иштери №26 Жол эксплуатациялоо мекемесинин кызматкерлери тарабынан ыкчам жүргүзүлүүдө.

> *Белгилей кетсек, 2-июлда саат 16:30 чамасында Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолунун 106–110-чакырым аралыгында сел жүрүп, жол убактылуу жабылган.* 

> *Жүргүзүлгөн ыкчам иштердин натыйжасында аталган тилкеде бир тараптуу каттам калыбына келтирилген.*

Ошондой эле Терек – Чаты – Терек унаа жолунун 5-чакырымга чейинки тилкесинде да сел жүрүп, жол убактылуу жабылган.