> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Республика боюнча селдин кесепеттери жоюлуп, каттамдар ачылды
- URL: https://im.kg/transport/2026/07/04/respublika-boiuncha-seldin-kesepetteri-zhoiulup-kattamdar-achyldy/
- Published: 2026-07-04T05:28:34.000Z
- Updated: 2026-07-04T05:28:34.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Транспорт

**1-3-июлда нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен улам өлкөнүн көпчүлүк аймактарындагы унаа жолдордо сел жана таш кулоо учурлары катталды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.**

Маалыматка ылайык, жаралган кырдаалга байланыштуу министрликтин Жол эксплуатациялоо мекемесинин кызматкерлери тарабынан ыкчам чаралар көрүлүп, атайын техникалардын жардамы менен жолдорду сел калдыктарынан тазалоо жана каттамдарды калыбына келтирүү иштери жүргүзүлдү. 

Бишкек – Нарын –Торугарт унаа жолунун 273-275-чакырымдарында жана Сары-Булак – Соң-Көл унаа жолунун 3 чакырымына чейинки аралыгына сел суулары каптаган. Жерине министрликтин атайын техникалары тартылып, тилкелерди тазалоо иштери жүргүзүлдү.

Туздуу-Көл унаа жолунда сел жүрүп, анын кесепеттерин жоюу жана жолду тазалоо иштери аткарылды. 

Баетов – Макмал унаа жолунун 13-14-чакырымдарында нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, тазалоо иштери ыкчам жүргүзүлдү.

Ак-Тал-Чат – Казарман унаа жолунун 4-5-чакырымдарында оңдоо иштери жүрүп жаткан тилкеде тоо коктусунан келген чоң көлөмдөгү суу каптаган. Учурда суунун нугун буруу иштери жүргүзүлүүдө.

> *Балыкчы – Ананьево – Каракол унаа жолунун 49-чакырымында сел жүргөн. Жерине ыкчам түрдө атайын техника тартылып, тазалоо иштери аткарылды.*

> *Ошондой эле, ушул эле унаа жолдун 63-чакырымында дагы сел катталып, каналга плита коюу аркылуу тосуу иштери жүргүзүлгөн.*

Министрлик жарандарды жана айдоочуларды тоолуу аймактардагы автомобиль жолдорунда өзгөчө этият болууга чакырат.