> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкек – Ош жолуна түшкөн таштар тазаланып, жол ачылды
- URL: https://im.kg/transport/2026/07/06/bishkek-osh-zholuna-tushkon-tashtar-tazalanyp-zhol-achyldy/
- Published: 2026-07-06T05:14:29.000Z
- Updated: 2026-07-06T05:14:28.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Транспорт

**5-июлда саат 16:00дөр чамасында Бишкек – Ош унаа жолунун 121–122-чакырым аралыгында жолго таш көчкү түшкөн. Буга байланыштуу жолдун бир тарабы убактылуу жабылган.**

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынын маалыматына ылайык, саат 18:00гө карата аталган министрликтин жол тейлөө кызматкерлери тарабынан тазалоо иштери толук жүргүзүлүп, жолго түшкөн таштар чыгарылды. Окуядан жабыркагандар катталган жок.

> *Жол эки сааттын ичинде толугу менен тазаланып, унаа кыймылы үчүн кайрадан ачылды. Учурда Бишкек–Ош унаа жолунда кыймыл кадимки тартипте уланууда.*

Белгилей кетсек, учурда аталган тилкеде эч кандай кооптуу кырдаал жок.