> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ошто Рахманов жана Беш-Капа көчөлөрү жабылат
- URL: https://im.kg/transport/2026/07/06/oshto-rakhmanov-zhana-besh-kapa-kocholoru-zhabylat/
- Published: 2026-07-06T11:31:25.000Z
- Updated: 2026-07-06T11:31:24.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Транспорт

**Ошто У. Рахманов жана Беш-Капа көчөлөрү убактылуу жабылат. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.**

> *Маалыматка караганда, У. Рахманов көчөсүндө узундугу 1200 метрди түзгөн төрт тилкелүү жолго асфальт төшөө иштери жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу, 7-июлдан тартып У. Рахманов жана Беш-Капа көчөлөрү автотранспорт кыймылы үчүн убактылуу жабылат.*

Ош шаардык мэриясы келтирилген убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнөт. Маршруттарды алдын ала пландап, мүмкүн болушунча альтернативдүү көчөлөрдү пайдаланууну суранат.

**Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын* [**Telegram*](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)**,* [**Facebook*](https://www.facebook.com/ishker.m)**,* [**Instagram*](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)**,* [**Threads*](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia)**,* [**Х*](https://x.com/ishker%5Fmedia) *жана* [YouTube](https://www.youtube.com/@Ishker-f5r) каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз *ийгиликке жетишесиз*!