> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Панфилов районунда 17 чакырым жолго асфальт төшөлдү
- URL: https://im.kg/transport/2026/07/07/panfilov-raionunda-17-chakyrym-zholgo-asfalt-tosholdu/
- Published: 2026-07-07T11:43:53.000Z
- Updated: 2026-07-07T11:43:52.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Транспорт

**Чүй облусунун Панфилов районунда жол инфраструктурасын жакшыртуу иштери уланууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.**

Маалыматка ылайык, 2026-жылы район аймагында жалпы 30 чакырым унаа жолуна асфальт-бетон төшөө пландалган. Азыркы тапта анын 17 чакырымы толугу менен бүткөрүлдү.

> Асфальттоо иштери Чалдовар – Ровное – Киров унаа жолунун 7 чакырымында, Эфиронос – Тельман унаа жолунун 6 чакырымында жана Партсъезд – Чорголо унаа жолунун 4 чакырымында аяктады.

Учурда Панфилов – Мясзовхоз – Чалдовар жана Панфилов – Орто-Арык унаа жолдорунда асфальт төшөө иштерине даярдык көрүлүүдө.

Министрликтин маалыматына ылайык, жолдорду жаңылоо иштери бекитилген графиктин негизинде улантылып жатат.