> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# “Манас” аба майданында каттамдар жандана баштады
- URL: https://im.kg/transport/2026/07/08/manas-aba-maidanynda-kattamdar-zhandana-bashtady/
- Published: 2026-07-08T06:31:53.000Z
- Updated: 2026-07-08T06:31:52.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Транспорт

**7-июлда TezJet авиакомпаниясынын Бишкек – Ош багытындагы учагы шассидеги техникалык мүчүлүштүктөн улам учууну токтоткон окуядан кийин “Манас” эл аралык аба майданынын каттамдарынын графиги өзгөрдү.**

“Кыргызстан аэропорттору” ишканасынын маалыматына ылайык, окуядан кийин айрым каттамдар башка аба майдандарына багытталып, кээ бирлери жокко чыгарылып же кечигүү менен аткарылууда.

> *Маалыматка караганда, бүгүн авиакомпаниялардын көбү каттамдарын түштөн кийинки жана кечки убакытка жылдырды. Бул чечим учакты учуу-конуу тилкесинен чыгарып, тилкени толук бошотуу зарылдыгына байланыштуу кабыл алынган.*

Учак тилкеден чыгарылгандан кийин биринчи каттамды саат 11:50дө учуруу пландалган.

Учурда жаңы учуу графиги түзүлүп жатат. Маалыматка ылайык, түнкү саат 24:00гө чейин кечигип калган бардык каттамдарды аткаруу мерчемделүүдө.