> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ош–Баткен–Раззаков жолунун 144-чакырымында селдин кесепети жоюлууда
- URL: https://im.kg/transport/2026/07/08/osh-batken-razzakov-zholunun-144-chakyrymynda-seldin-kesepeti-zhoiuluuda/
- Published: 2026-07-08T13:20:56.000Z
- Updated: 2026-07-08T13:20:55.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Транспорт

**Ош–Баткен–Раззаков (эски багыт) унаа жолунун 144–145-чакырым аралыгында сел жүрүп, жолдун жээгине жана жол тилкесине зыян келтирди.**

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, учурда окуя болгон жерде атайын техникалар иштеп, жолду калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Министрлик белгилегендей, жол каттамы жабылган эмес, унаалардын кыймылы уланууда.

> Алдын ала маалымат боюнча, сел 7-июлда саат 16:40 чамасында нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен жүргөн.

Буга байланыштуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги айдоочуларды аталган тилкеде жол кыймылынын коопсуздук эрежелерин сактап, этият болууга чакырды.