> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Учак кырсыгына байланыштуу териштирүү иштери жүргүзүлүүдө
- URL: https://im.kg/transport/2026/07/08/uchak-kyrsygyna-bailanyshtuu-terishtiruu-ishteri-zhurguzuluudo/
- Published: 2026-07-08T03:14:07.000Z
- Updated: 2026-07-08T03:14:07.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Транспорт

**7-июлда TezJet авиакомпаниясына таандык “McDonnell Douglas MD-83” үлгүсүндөгү аба кемеси Бишкек – Ош багыты боюнча каттамды аткарууга даярданып жаткан учурда, сол шассисинин таянычы сынып, бүктөлүп калган. Натыйжада аба кемеси сол тарапка кыйшайып, сол канаты учуп-конуу тилкесинин үстүңкү бетине тийип, токтогон. Бардык зарыл чаралар өз убагында көрүлүп, жабыркагандар болгон жок.**

“Кыргызстан аэропорттору” ишканасынын маалыматына ылайык, бул факты боюнча Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги тарабынан расмий териштирүү жүргүзүлүүдө. 

> *Учурда адистер аба кемесин учуп-конуу тилкесинен эвакуациялоо иштерин жүргүзүп жатышат.*

Зарыл болгон текшерүү иш-чаралары аяктаганга чейин TezJet авиакомпаниясынын аба кемелерин эксплуатациялоону убактылуу токтото туруу чечими кабыл алынды. Бул чечим учуулардын коопсуздугунун максималдуу деңгээлин камсыз кылууга багытталган алдын алуучу чара болуп саналат.