> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ноокат–Папан жолунун 5 чакырым тилкесине асфальт төшөлдү
- URL: https://im.kg/transport/2026/07/09/nookat-papan-zholunun-5-chakyrym-tilkesine-asfalt-tosholdu/
- Published: 2026-07-09T13:10:53.000Z
- Updated: 2026-07-09T13:10:52.000Z
- Author: Уулжан Бейшенбекова
- Tags: Транспорт

**Мамлекеттик маанидеги Ноокат–Папан унаа жолунун 5 чакырым бөлүгүндө асфальт-бетон төшөө иштери аяктады.**

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, иштер 2026-жылга бекитилген планга ылайык жүргүзүлүп, жолду жаңылоо иштерин №37 Жол эксплуатациялоо ишканасы аткарды.

> Жаңыланган жол тилкеси айдоочулар жана жергиликтүү тургундар үчүн коопсуз жана ыңгайлуу жүрүүгө шарт түзөт.

Министрлик өлкө боюнча жолдорду оңдоо жана жаңылоо иштери белгиленген тартип боюнча уланып жатканын билдирди.

**Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын* [**Telegram*](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)**,* [**Facebook*](https://www.facebook.com/ishker.m)**,* [**Instagram*](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)**,* [**Threads*](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia)**,* [**Х*](https://x.com/ishker%5Fmedia) *жана* [YouTube](https://www.youtube.com/@Ishker-f5r) каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз *ийгиликке жетишесиз*!